Кыргызстанга дагы 200 кычкылтек концентратору келди (Сүрөт)

8 июля 2020 13:25 2724 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстанга дагы 200 кычкылтек концентратору алынып келинди. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматына таянып "Барометр" билдирет. 

Бишкек шаарына чартердик каттам аркылуу  Өкмөт тарабынан сатылып алынган 200 даана кычкылтек концентратору экинчи партия катары алынып келинди.

Белгилей кетсек, 5-июлда  биринчи партия менен 500 даана мобилдик кычкылтек концентратору алынып келинген. Ал эми калган 800 даана кычкылтек концентратору жакынкы арада жеткирилет.

 Кычкылтек концентраторлору ыкчам тартипте коронаривирустук инфекциядан жабыркаган жана өпкөсү кагынган жарандар дарыланып жаткан республиканын медициналык мекемелери арасында таркатылып берилет.

Ссылка: https://barometr.kg/lkg-dagy-200-mobildik-kychkyltek-koncentratoru-alynyp-keldi



Добавить комментарий