Сутка ичинде дагы 24 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды
Поделиться в:
Өткөн сутка ичинде 1 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди. Кыргыз-Түрк достук ооруканасында – 1 (эркек киши 1965-жылкы). Жалпы каза болгондордун саны 32 кишини түздү.
Бир сутка ичинде өлкө боюнча 24 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды:
- Бишкек ш. – 7
- Чүй облусунда – 8
- Ош ш. – 3
- Ош облусунда – 1
- Нарын облусунда – 3
- Талас облусунда – 1
- Жалал-Абад облусунда – 1
Ал эми стационарлардан сутка ичинде 8 медкызматкер айыгып чыгарылды.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 533 учур катталды, алардын ичинен 381 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.
Ссылка: https://barometr.kg/lk-boyuncha-24-medicinalyk-kyzmatker-koronavirus-zhukturup-algan
Добавить комментарий ×