19 медкызматкерге вирус жукту, жетөө айыкты
Поделиться в:
Бир сутка ичинде өлкө боюнча 19 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу "Барометрге" Республикалык штаб билдирди.
Бишкек ш. – 13
Ош ш. – 3
Ош облусунда – 1
Баткен облусунда – 1
Талас облусунда – 1
Ал эми стационарлардан сутка ичинде 7 медкызматкер айыгып чыгарылды.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 648 учур катталды, алардын ичинен 396 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.
Ссылка: https://barometr.kg/lk-boyuncha-19-medicinalyk-kyzmatker-koronavirus-ildetine-kabyldy
Добавить комментарий ×