Өлкө башчы Дмитрий Медведев менен телефон аркылуу сүйлөштү

28 декабря 2018 16:41 866 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 2018-жылдын 28-декабрында, Орусиянын өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медведев менен телефон аркылуу сүйлөшүштү. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди. 

"Сооронбай Жээнбеков телефон аркылуу сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Дмитрий Медведевди Жаңы жыл жана Рождество майрамы менен куттуктады.

Мамлекет башчысы келерки жыл Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы салтуу достуктун жана өз ара урматтоонун духундагы соода-экономикалык, илимий-техникалык, маданий-гуманитардык жана региондор аралык кызматташтыктын прогрессинин жана өнүгүшүнүн салтанаты болот деп ишене турганын билдирди"-деп жазылган маалыматта.  

Ошондой эле, маектешүүнүн жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыктын олуттуу маселелери, ошондой эле Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы товар жүгүртүүнү көбөйтүү боюнча болочок кадамдар да талкууланган. 

Ссылка: https://barometr.kg/lk-bashchy-dmitrij-medvedev-menen-telefon-arkyluu-sjlsht



Добавить комментарий