Күзгү хандра деген эмне, андан кантип сактануу керек?

6 сентября 2021 17:33 2537 Barometr
Поделиться в:
ok

Ошентип ысык жай аяктады, күздүн келиши менен айрым адамдар күзгү хандра оорусунан жапа чегишет. Аны көп учурда күзгү “депрессия” деп да коюшат. Күзгү хандра тууралуу маалыматты barometr.kg психологдун кеңешине таянуу менен сунуштайт.

Адистин айтымында, күзгү “депрессия” эмгек өргүүлөрүнүн аякташы жана жаңы окуу жылынын башталышы менен байланышкан стресстен улам келип чыгат.

Белгилери кандай? 

Хандра - бул тынчсыздануу, кыжаалаттануу, кайгыруу деген сыяктуу негативдүү эмоциялар менен байланышкан начар маанай. Бул абалга ар кандай факторлор таасир бериши мүмкүн жана аны депрессия менен алмаштырбоо керек. Күзгү хандранын башталышынын себептери күндүн нурунун азайышы жана андан улам кандагы серотонин гармонунун төмөндөшүнө байланыштуу келип чыгат. Серотонин маанайга, табитке жана уйкунун режимине таасир берет.Мындан тышкары мелатонин гармону азайып, адамдар өздөрүн уйкусу канбагандай сезишет.

Күзгү хандранын негизги белгилери

Маанайдын жоктугу 

Тынчсыздануу жана абдан эле корко берүүчүлүк

Кыжырдануу

Чарчоо, уйку басуу 

Күнүмдүк иштерге кызыгуунун жоголушу.

Кантип сактануу керек?

Таза абадан көп дем алыңыз, сентябрь айы дагы деле жылуу болгондуктан, кечкисин жөө басыңыз. Сентябрдагы жекшембилерди жакшы жерлерге барып эс алууга пландаңыз. Жайында жасай албай калган эс алууларды уюштуруңуз.

Мүмкүн болсо күндүз күндүн нурун көп кабыл алганга аракет кылыңыз.Терезе пардаларды ачып койгон жакшы.Бөлмөнүн жарык болгону дурус.Эрте уктаганга аракет кылыңыз.

Дене тарбия көнүгүүлөрүн жасаңыз.Бул маанайыңды гана ачпастан, күч-кубат берет. Денеге дагы, психикага дагы мыкты энергия болмокчу.

Тамак-аштын рационун жакшыртыңыз, жемиштерди көп жеңиз, жашылча, эттен кошуп шорполуу тамактарды көп пайдаланыңыз.

Жаңы бир ишти баштаңыз, үйдү тазалоо, жаңы имидж, окуу курстары жаңы таасир алып жакшы маанайды кармап турууга шарт түзмөкчү. Эски буюмдардан арылыңыз.Кыскасы өзүңүзгө меланхолия болууга дегеле шарт жок экенин жана сизди алгылыктуу иштер алдыда күтүп турганын айтып алдага гана аракет жасай бериңиз!

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/kzg-handra-degen-emne-andan-kantip-saktanuu-kerek



Добавить комментарий