Көзү ачык кызды аз жерден суицидге алып бара жаздады. Кантип курмандык болбош керек?
Barometr.kg редакциясына бир айдын ичинде жалган көзү ачыктар менен жалган табыптарга нааразы болгон 12 адам кайрылды.
Көзү ачыктардын атына жамынып алган алдамчылар ири суммадагы акчаларды гана алдап албастан, үй-бүлөдө дагы пикир келишпестиктерди пайда кылышкан.
Сабира аттуу айым көзү ачыкмын деген аял анын эжесинен үй алууга топтоп жатышкан 10 долларды алдап алганын жазган. Кыз чет өлкөдө иштеп жүрүп эжесине жөнөткөн акчасын көзү ачык өлүмдөн куткарам деп убада кылып алдап алган. Жабырлануучулар мындай учурда кандай аракет кларын билишкен эмес. Анткени көзү ачыктарга карата мыйзамдар жок деп эсептешкен.
Күрөө катары зер буюмдарды алган
18 жаштагы Айжан аттуу дагы бир окурман Фатима деген аялга нааразы болгон. Кыздын айтымында, ал ага психологиялык басым жасап, кыз акча алып барбай калган кезде аз жерден суидцидке алып бара жаздаган.
Кыздын апасы чет өлкөгө акча иштеп таап келгени кеткен, ал ай сайын үйүнө акча салып турат. Кыз сүйлөшкөн жигит тууралуу Фатимага кайрылган. Көзү ачык ага курбу кызы дуба салганын айтып, “күйөөгө тийбей калуу коркунучу бар”,- деп эскерткен. “Бул дубаны чыгарып салбасаң өлүп калышың мүмкүн” деген. Адегенде кыз Фатимага 1 миң сомдон алып барып турган, андан соң анын баасы бир кабыл алуусуна 5 миң сомго чейин кымбаттаган. Өлүмгө жасалган дубаны чыгарыш үчүн көзү ачык 25 миң сом талап кылган. Айзада мындай акчасы жок экенин айтканда, анын зер буюмдарын күрөөгө алып калган. Андан соң кыз көзү ачыктан аларды үч ай бою үстөк пайыз менен сатып алган. Жарым жылдын ичинде Айзада 78 миң сом берген.
Ал акча алып бара албай калганда Фатима анын WhatsApp номерине чалып, сен тууралуу жаман нерселери сезип жатам деп коркуткан.Э герде мага сөзсүз келбесең өлүп каласың деген.
Жыйынтыгында кыз өзүнө кол салаарда туугандары жана достору куткарып калышкан.
Кыздын курбулары дагы Фатиманы жазалоону каалашат, бирок кандай кыларын билишпейт. Анткени Фатима укук коргоо органдарына иштеген тааныштарым бар деп коркуткан.
Көзү ачыктын кымбатка бааланган божомолу
Мындан тышкары бул материал жарыялангандан кийин редакцияга ишкерлик менен алектенген эркек кайрылып, өзүнүн баянын айтты.
Анын өзүнүн бизнеси жана жакшынакай үй-бүлөсү бар. Бирок жакындары дагы бир көзү ачыктын “торуна” илинип калган экен. Мындан соң анын жашоосу “тозокко” айланганын айтат. Үйдө дайыма чатак болуп, жакынын жалганчыга “визитке” баруудан токтото албай убара болушкан. Көзү ачык өзүнүн картасын ачып бир нерселерди жакынына болжолдоп берген сайын, үйүнөн адегенде аз суммадагы акча, андан соң кымбат баалуу буюмдар, шуба, зер буюмдар жоголгон.Мунун баарын ишкердин жакын тууганы көзү ачыкка алып барып берген.
Эркек анын бул кылыктарына чыдабай милиция кызматкерлерине жана журналисттерге кайрылган экен.
Туугандары өз убагында токтоткондор
Редакцияга кайрылган дагы башка тогуз адамдын да баяндары ушундай эле - өлүмгө, катуу ооруга дуба жасалган, же банкрот болосуң же жана башка десе акча алдатып жиберишкен. Бактыга карай, алардын баарына учурунда туугандары кийлигишип жагдайдан чыгышкан.
Жалган табыптар менен көзү ачыктарга ишенбегиле!
Бул жагдайлар боюнча редакция Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматына кайрылды. ИИМден бул сыяктуу алдамчылыктар менен күрөшүүгө колдонулуп жаткан чаралар тууралуу маалымдашты.
ИИМ көзү ачыктарга, бал ачуучуларга жана жалган табыптык кылуучуларга ишенбөөгө чакырды.
“Көзү ачыктар, бал ачуучулар жана жалган табыпчылык кылгандар адамдардын аң-сезимдерин манипуляциялап алган эң мыкты “психологдор” болушат. Көп учурда жарандар аларга жашоосунда жаман окуя болгондо жана андан чыгуунун жолун көрбөгөндө кайрылышат.
Алардын максаты сиздин ден соолугуңузга кам көрүү же маселеңизди чечүү эмес, башкы максаты-акча. Алар “каргыш дубаларды чыгарабыз, жолуңду ачабыз, оорудан айыктарабыз” деп ар нерсенин башын айтып убада кылышат.Сиздер мээнет кылып тапкан акчаңыздарды берип, жыйынтыгында эч кандай көмөк албайй каласыздар.ИИМ эгерде сизде же жакындарыңызда ден соолуктан маселе чыкса медициналык мекемелерге барууну сунуш кылат. Эгерде жагымсыз окуяга кабылсаңыз өзүңүз ишенген туугандарыңызга, досторуңузга же психологго кайрылыңыздар. Көңүл буруңуз! Эгерде сиз мындай кылмыш аракетин же кылмыштын жасалганына күбө болсоңуз, андан токтоосуз түрдө милициянын 102 телефонуна байланышыңыз”,-деп айтылат маалыматта.
Добавить комментарий ×