“Эжем көзү ачыкка 10 миң доллар берип, мени дагы, өзүн дагы карызга батырды, сак болгула!”

22 июля 2021 13:06 6137 Barometr
Поделиться в:
ok

Barometr.kg сайтынын дарегине көптөгөн каттар келет. Аларга жооп иретинде биз “Айым сыры” деп аталган рубриканы сизге сунуштайбыз. Жан дүйнөңүздү түйшөлткөн суроолор болсо окурмандарга кайрылып пикир алсаңыз болот. Маселени кээде башкача чечүү дагы ишке көмөк берерин унутпаңыз!

“Москвада иштейм. Жакында мени шок кылган окуя болуп кимге кайрыларымды билбей турам. Айтпайын десем ачуум келет, айтсам эч ким ишенбейт. Бишкекте жашаган эжем май айында телефон чалып “жаман ишке кабылдым, тезинен акча керек” дегенинен эмне кылар айламды таппай калдым.Эки баласы менен ажырашып кеткенине 10 жылдай болгон, ата-энебиз Бишкекте сатып берген бир бөлмө квартирда турчу. Өзү жакшы эле жерде, мамлекеттик кызматта эле иштейт, билимдүү эле аял деп эсептечүмүн. “Канча керек десем?”, “15 миң доллар” дейт, “анчалык эмне болдуң” десем айтпайт. 

Төрт-беш күн акча издеп тааныштардан карыздап сурап 5 миң доллар таап бердим. Өзү үйдү күрөөгө коюп насыя алыптыр. Ошондон бери анын карызын төлөп араң жашап келем. Жакында анын кызы менен сүйлөшүп анан чындыкты билип эмне кыларымды билбей турам. Көрсө жолумду ачтырам деп көзү ачыкка барса, ал “жашооң оңолот күйөөгө дагы тийип, байлыкка дагы жететсиң сени бир кара жин ээлеп отурат, мен ошону чыгарам” деп 15 миң доллар сурайт. Эжем ага ишенип, менден акча алып үйүн залогго коюп насыя алып, бирок болгону 10 миң доллар таап бериптир. Ошону менен отурат азыр насыясын банкка төгүп. Дагы үстүнө 10 миң доллар кошсок, мен деле үй сатып алмакмын да ал акчага. Мени дагы убара кылды, Кыргызстанга барсам ошол көзү ачыкты сотко берет элем. Эжеме айтсам такыр болбойт, жолум ачылат деп ишенип отурат. Бул эмне деген нерсе? Дагы алданбаса экен деп коркуп жатам.Көзү ачыкпыз деген алдамчылардан сак болгула!”, - деп жазды аты-жөнүн өзгөртүлгөн каарманыбыз Сабира.

Бул тууралуу сиз кандай ойдосуз окурман?

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/ezhem-kz-achykka-10-mi-dollar-berip-meni-dagy-zn-dagy-karyzga-batyrdy-sak-bolgula



Добавить комментарий