Кыз автобустан бир жылмайып койгон жигитти сүйүп калып, эки жыл издеп жүрүп тапты

26 июля 2021 17:29 2785 Barometr
Поделиться в:
ok

Шекспирдин каарманы Джульетта Капулетти бери жакта эле калды. Кыз автобустан бир жылмайып койгон жигитти сүйүп калып, эки жыл издеп жүрүп акыры тапты.Бул тууралуу TikTok seattlesims билдиргенин “Барометр” маалымдайт.

Америкалык Сиэттл Симс ысымдуу кыз 2019-жылы автобуска түшүп баратып ага карап жылмайган жигитти көрүп калган. Алар бири-бирин карап жылмайып ошо менен баян бүткөн. Кыз жигит менен таанышууга батынган эмес.

Бир нече айдан кийин алар автобустан дагы бир ирет жолугушп калышкан. Бул жолу дагы таанышууга эч ким демилге көтөргөн эмес.Үйүнө келгенден кийин Сиэттл жигитти тезинен табышым керек деген чечимке келген. Кыз Tinder таанышуу тиркемесине баракча ачып, бул окуяны жазган.

 “Мен 2019-жылы ноябрда №70 автобустан келбеттүү жигитти көрүп жылмайгам, биз 2020-жылы дагы январда кайра жолугуштук. Эгерде сен мунун окуп жатсаң "суперлайк" бас”,-деп жазды кыз.

Чыны менен жигит бул ирет аны сүйгөн кыздын жарыясын окуп,  “суперлайк” коймок эле турсун, кыз-жигит болууга чакырды. Жигит “менин жашоомдогу эң сонун чечим сага жооп берүүнү чечкеним”,- деп билдирген сүйүктүүсүнө.

 

Ссылка: https://barometr.kg/kyz-avtobustan-bir-zhylmajyp-kojgon-zhigitti-sjp-kalyp-eki-zhyl-izdep-zhrp-tapty



Добавить комментарий