Кытайлык журналист Ухан коронавирусунун жайылышы жөнүндө кабар кылганы үчүн 4 жылга соттолду

28 декабря 2020 17:42 1281 Barometr
Поделиться в:
ok

Кытайлык журналист жана мурдагы адвокат Чжан Чжан коронавирус эпидемиясы жөнүндө кабарлаганы үчүн төрт жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу LIFE сайтына жарыяланган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Болжол менен бир жыл мурун Чжан инфекция башталганы тууралуу Ухань шаарынан түз эфирден айткан.  Анда белгисиз вирустук пневмония жөнүндө гана сөз болгон.

Маалыматта, анын иши боюнча сот отуруму Шанхай шаарында өткөн. Чжан Чжан коомдук тартипти бузгандыгы үчүн соттолду. Ал 2020-жылы февраль айында, вирустун өзү жөнүндө гана эмес, жергиликтүү бийликтин тынчтыгы жөнүндө да тараган соң кармалган.

Соттук териштирүүнү күтүп жатканда нааразычылык иретинде 37 жаштагы журналист жай айында ачкачылык жарыялаган. Азыр ал камакта түтүк аркылуу күч менен тамактандырылып жатат. Айыпталуучунун апасы, эгер Чжан ага катуу жаза берилсе, ачка кала берем деп убада кылгандыктан, анын кызы түрмөнүн камерасында өлүп калышы мүмкүн деп чочулайт.

Буга чейин, Кытай бийлиги коронавирус чыгып кетүү коркунучунан улам Орусия менен чектешкен шаарды жапкан.

Ссылка: https://barometr.kg/kytajlyk-zhurnalist-uhan-koronavirusunun-zhajylyshy-zhnnd-birinchi-elge-kabar-kylgany-chn-4-zhylga-sottoldu



Добавить комментарий