Кытайлык көзү көрбөгөн альпинист Эверестти багындырды

1 июня 2021 11:00 2667 Айпери Эшенкулова
Поделиться в:
ok

Кытайлык көзү көрбөгөн альпинист Эверестке чыкты. Бул тууралуу Reuters агенттигине шилтеме берүү менен “Барометр” билдирет.

46 жаштагы Чжан Хонг дүйнөдөгү эң бийик чокуга чыкан. Ал Эверестке чыккан Азиядагы биринчи жана дүйнөдөгү үчүнчү майыптыгы бар адам болуп калды.

"Сиз майып болосузбу же дениңиз сообу, көзүңүздү жоготуп алдыңызбы, бутуңуз же колуңуз жокпу, эч кандай мааниге ээ эмес: акыл-эсиңиз күчтүү болсо, анда ар дайым башкалар жасоодон корккон нерсени жасай аласыз", - деди Чжан.




Кытайлык рекордсмен бийиктикти үч гид менен биргеликте багындырып, альпинисттердин базалык лагерине кайтып келди. Чжан Хан 21 жашында көрүүсүнөн айрылган. Аны Джомолунгмага 2001-жылы чыга алган америкалык Эрик Вайхенмайер Эверестти багындырууга шыктандырганын белгиледи.

Эске сала кетсек, буга чейин астаналык буту жок аял Эверестке чыгып, 5 364 метр чокусуга чыккан дүйнөдөгү биринчи кыз болуп калган.

Ссылка: https://barometr.kg/kytajlyk-kz-krbgn-alpinist-everestti-bagyndyrdy



Добавить комментарий