Кытайдан коронавирустан каза болгондордун саны 2600ден ашты

25 февраля 2020 09:45 673 Barometr
Поделиться в:
ok

Кытайда бир суткада коронавирустан 71 киши өлүп, жалпы каза болгондордун саны 2663 кишиге жетти. Бул тууралуу Кытайдын саламаттык сактоо боюнча улуттук комиссиясы билдирди.

24-февралда Кытайдын аймагында 508 кишиге вирус жукканы аныкталган. Ошол эле маалда 27 230 киши айыгып ооруканадан чыгарылган. Ал эми вирус жуккан кишилердин саны 77 миңден ашты.

Пневмания дартык козгогон коронавирус былтыр декабрь айынын аягында Кытайдын Ухань шаарында чыккан. Кийин ал башка мамлекеттерге тараган. Учурда вирус АКШда, Канада, Германия, Швеция, Австралия, Испания, Түштүк Корея, Италия, Япония, Финляндия, Бириккен Араб эмирлиги жана башка мамлекеттерде дагы чыкканы аныкталды.

Ссылка: https://barometr.kg/kytajdan-koronavirustan-kaza-bolgondordun-sany-2600den-ashty



Добавить комментарий