Кытайдагы жер титирөө Кыргызстанда дагы сезилди
Поделиться в:
2018-жылдын 9-август күнү саат 02:19да Кытайда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Нура айылында 2,5 баллга сезилген. Такталган маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. Бул туурасында ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Ссылка: https://barometr.kg/kytajdagy-zher-titir-kyrgyzstanda-dagy-sezildi
Добавить комментарий ×