Кытайдагы коронавирустан каза болгондордун саны 80ге жетти

27 января 2020 09:55 996 Barometr
Поделиться в:
ok

Акыркы маалыматтар боюнча Кытайда коронавирустан 80 киши каза болуп, оору 2,7 миң кишиге жуккан. Акыркы бир суткада эле 24 киши каза болгон. Ал ортодо оорудан эки кишинин айыкканы маалымдалууда. Бул тууралуу Кытайдын ЖМКлары жазышууда.

Аталган вирус Кытайда 2019-жылдын декабрь айынан бери жайылып келет. Оору биринчилерден болуп Хубэй провинцинясындагы Ухань шаарында катталган.

Учурда вирус Австралия, Түштүк Корея, Непал, Малайзия, Япония, АКШ, Франция жана Канада мамлектинде катталган.

Кытайдын эксперттери инфекция эмнеден улам чыкканын дагы деле аныктай элек. Алдын ала маалыматтар боюнча коронавирус жапайы жаныбарлардан жугушу ыктымал. Учурда дарыгерлер ВИЧти дарылай турчу дарыларды коронавирусту дарылоо үчүн сынап жатат.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги аталган вирусту көзөмөлдөп туруу үчүн атайын штабы түзүлгөнүн кбаарлап, оору өлкө аймагында катталбаганын маалымдаган.

Ссылка: https://barometr.kg/kytajdagy-koronavirustan-kaza-bolgondordun-sany-80ge-zhetti



Добавить комментарий