Кытайда коронавирустан каза болгондордун саны миңден ашты
Коронавирус козгогон пневманиядан 1016 киши каза болду. Бул тууралуу Кытайдын Саламаттык сактоо боюнча мамлекеттик комитети билдирди.
Өткөн суткада эле вирустан 108 киши каза болсо, 2478 кишиге жуккан. Акыркы маалыматтар боюнча коронавирус 43 100 кишиге жукканы аныкталган. Ал эми 4026 киши дарттан айыгып, ооруканадан чыккан.
Эске салсак, коронавирус былтыр декабрь айынын аяк ченинде Кытайдын Ухань шаарында жайыла баштаган. Ал бир гана Кытайда эмес, башка мамлекеттерде дагы табылган. Атап айтканда, АКШда, Францияда, Сингапурда, Германияда, Түштүк Кореяда, Таиландда, Филиппиндерде, Тайвань, Малайзия, Австралия, Вьетнам, Франция, Макау, Улуу Британияда дагы кишилерге жукканы аныкталган.
Оору дем алуу органдары аркылуу жугат. Анын биринчи белгилери кадимки сасык тумоо сыяктуу эле байкалып, баш ооруп, кускусу келет. Ал өтүшүп кеткенде адамдын дене табы көтөрүлүп, жөтөл менен коштолот.
Ссылка: https://barometr.kg/kytajda-koronavirustan-kaza-bolgondordun-sany-miden-ashty
Добавить комментарий ×