Кытай бийлиги дүйнө элине жете тургандай вакцина даярдайт

8 июня 2020 10:43 1132 Barometr
Поделиться в:
ok

Кытай бийлиги коронавируска каршы вакцина иштелип чыкканын, клиникалык текшерүүдөн өткөндөн кийин аны дүйнө элине жеткиликтүү болгудай кылып даярдоону пландап жатканын айтты. Бул тууралуу РИА Новости аталган өлкөнүн илим жана техника министри Ван Чжигандын айтуусуна таянып билдирди.

Маалыматка ылайык, азыркы учурда Кытайда вакцинанын беш түрү иштелип чыккан, алардын айрымдары текшерүүдөн өтө баштады. Аны жасоодо басым коопсуздукка, натыйжалуулукка жана жеткиликтүү болууга багытталган.

"Эпидемияга бир гана вакцина иштеп чыгуу менен гана туруштук бере алабыз.  Аларды жасап чыгарууда жана андан кийинки кадамдарда дүйнөдөгү мамлекеттер кызматташтыкты күчөтүшүкерек", — деген министр.

Ссылка: https://barometr.kg/kytajda-djn-eline-zhete-turgandaj-vakcina-dayardalat



Добавить комментарий