Кытай жаңы “Х вирусунун” пайда болорун эскертти
Кытайдын ооруларды алдын алуу жана көзөмөлдөө борборунун (CDC) башчысы Гао Фу илим жана технология боюнча эл аралык форумда адамзат милдеттүү түрдө болочокто жаңы вирус менен бет келише турганын айтты жана ага каршы туруунун принциптерин сунуштады. Бул тууралуу РИА Новости булагына таянуу менен “Барометр” билдирет.
Гао Фунун айтымында, дүйнө болочокто мүнөздөмөсү кандай болору, кайсы жерде кандай шартта пайда болору белгисиз болгон “Х вирусу” менен бет келишмекчи.
“Адамзаттын болочогу үчүн маселени биргелешип чечүүнүн үстүндө иштегенибиз дурус. Буга байланыштуу төрт принципти сунуштайм, алар кызматташтык, атаандаштык, маалымат алмашуу жана координация”,-деп айтты ал форумда.
Ссылка: https://barometr.kg/kytaj-zhay-h-virusunun-pajda-bolorun-eskertti
Добавить комментарий ×