Олимпиадада Кыргызстандын намысын коргой турган балбандардын тизмеги

13 апреля 2021 11:14 3559 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстандын күрөш боюнча улуттук курама командасынан Токиодо өтүүчү Олимпиада оюундарына алты балбан жолдонмо алды. Бул тууралуу Кыргызстандын күрөш федерациясынын маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Азиянын тандоо турнири 9-11-апрелде Казакстандын Алматы шаарында өттү. Турнирде 18 медалдар топтому, ошондой эле Токиодогу Олимпиада оюндарына 36 лицензия ойнотулду.

Кыргызстандык спортчулар Олимпиадага 6 лицензияга ээ болушту.

Токио Олимпиадасында Кыргызстандын намысын коргой турган балбандардын тизмеси:

  • Жоламан Шаршенбеков - 60 килограммга чейин;
  • Акжол Махмудов – 77 килограммга чейин;
  • Узур Джузупбеков – 97 килограммга чейин
  • Мээрим Жуманазарова – 68 килограммга чейин
  • Айпери Медет кызы – 76 килограммга чейин
  • Эрназар Акматалиев – 65 килограммга чейин.

Эске сала кетсек, буга чейин, 2019-жылы Казакстандын Нур-Султан шаарында өткөн Дүйнө чемпиондугунда Айсулуу Тыныбекова жана Атабек Азисбеков Олимпиадага жолдомо алышкан. Ошентип, быйыл, 2021-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндарында күрөш жаатында сегиз балбан Кыргызстандын намысын коргойт.

Белгилей кетсек, Токиодогу Олимпиада оюндарына тандоо турниринде Кыргызстандык балбандар Кытай менен тең тайлаша алты жолдонмо жеңип, Өзбекстан, Монголия, Иран, Казахстан, Корея, Япония, Индия өлкөлөрүн артта калтырды.

Ссылка: https://barometr.kg/kytaj-sportchularynan-kem-kalbaj-olimpiadada-namysty-korgoj-turgan-azamattar-kimder



Добавить комментарий