Айсулуу Тыныбекова: Тартип катуу болгондуктан, соцтармактардагы баракчаларымды токтотом

16 марта 2021 14:12 5797 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнөнүн чемпиону Айсулуу Тыныбекова Токио Олимпиадасына кызуу даярдык жүрүп жатканын айтты. Бул тууралуу балбан кыздын соцтармактагы баракчасына жазылган маалыматка шилтеме берип "Барометр" билдирет.

"Урматтуу достор! Амансыздарбы? Менде болсо баары жакшы!

Бул жыл мен үчүн абдан маанилүү. Себеби, алдыда Токиодо өтө турчу Олимп оюндары улам барган сайын жакындап келе жатат. Машыгуу процесстери улам күчөп, жоопкерчилик артып жатат. Бизге талап катуу, тартип биринчи орунда.

Мындан улам, социалдык тармактардан алысыраак болууга туура келип жатат. Азыр убактымды машыгууларга арнасам туура болот деп эсептейм. Менин чечимимди колдойсуздар деп ойлойм.

Ушул себептен дос, туугандардан келип түшкөн каттарга, чакырууларга жооп бербесем кечирим сурайм. Убактылуу аккаунттарымды токтото турам.

Элибизде тынчтык болсун", - деп жазды Тыныбекова.

Эске сала кетсек, Токиодогу жайкы Олимпиада оюндары 2020-жылдын 24-июлунан 9-августуна чейин өтүшү керек болчу. Бирок, коронавирус пандемиясынан улам мелдеш бир жылга жылдырылып, эми 2021-жылдын 23-июлунан 8-августуна чейин өткөрүлөрү кабарланган. Ошол эле, олимпиада быйыл өтсө дагы "Токио-2020" аталышын сактап калат.

Ссылка: https://barometr.kg/ajsuluu-tynybekova-tartip-katuu-bolgonduktan-soctarmaktardagy-barakchalarymdy-toktotom



Добавить комментарий