Банан жөтөлдөн айыктырат. Кышкы жемиштердин ден соолукка пайдасы

16 января 2023 08:05 6591 Barometr
Поделиться в:
ok

Жаңы жылдык дасторконду көрккө келтирген кышкы мөмөлөрдү чегинен ашырбай, сунушталган өлчөмдө кабыл алса ден соолукка пайдалуу. Кыш мезгилинде арбын суроо-талапка ээ болгон ал мөмө-жемиштерди ден соолугуңузга жана сулуулугуңузга пайдалана билиңиз. Бул тууралуу адистердин сунуштарына таянып "Барометр" билдирет 

Банан жөтөлдөн айыктырат

100 грамм бананда 99 калория болгондуктан аны спортчулардын тамак рационуна киргизишет. Банан кан басымы, боор, бөйрөк, уйкусуздук оорусуна чалдыккандар үчүн пайдалуу. Бул жемиштеги В6 витамини маанайды көтөрөт жана инфаркт, инсульт ооруларынын алдын алат. Муздаткычка сакталбаган жана жапжашыл болгон быша элек бананды жебеңиз. Катуу жөтөлдө 2 бышкан бананды майдалап эзип, ага 200 миллиграмм ысык суу жана татымына жараша бал кошуп аралаштырып ар эки саатта бир жеңиз. Кыйнаган жөтөлдөн арыласыз.

Кимдерге жегенге болбойт? 

Ашыкча салмактан жабыркагандар жана диабет оорусу менен ооругандар, өтө бышып кеткен бананды жебеңиздер. Себеби анын курамындагы углевод кеч сиңип ден соолугуңузга терс таасирин тийгизет.

Ананас рак клеткаларынын пайда болушуна тоскоолдук жаратат

АКШнын Мичиган штатында саламаттыкты сактоо системасында эмгектенгендер ананастын ширесиндеги заттар заара чыгаруучу жолдордогу инфекциядан арылтарын изилдеп чыгышкан. Мындан тышкары анын ширеси иммунитетти көтөрүп рак клеткаларынын пайда болушуна тоскоолдук жаратат. Ананастын курамындагы бромелайн заты химиотерапиядан күйгөн терини калыбына келтирет. Бир күндө бир маал жаңы сыгылып алынган 1-2 стакан ананастын ширесин ичиңиз

Кимдерге жегенге болбойт?

 Кант диабетине чалдыккандарга таптакыр сунушталбайт. Себеби өтө таттуу болгондуктан кандагы канттын деңгээлин көтөрүп жиберет

Ссылка: https://barometr.kg/kyshky-zhemishterdin-den-soolukka-pajdasy



Добавить комментарий