Кыргызстанга Өзбекстандан 10 миң "Гепарин" дарысы келди

20 июля 2020 10:02 4012 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстанда коронавируска кабылган бейтаптарды дарылоо үчүн Өзбекстандан 10 миң “Гепарин” препараты алынып келинди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Өлкөгө COVID-19га кабылган бейтаптарды дарылоо үчүн Өзбекстан Республикасынан 10 миң “Гепарин” дарысы алынып келинди.

“Өлкөдөгү дарыканаларга 50 миң ампула “Гепарин” дарысын таратуу маселеси КРнын Тышкы иштер министрлигинин деңгээлинде, Өзбекстандагы кыргыз элчилигинин колдоосу аркылуу ишке ашты. Дипломаттар коңшу мамлекеттин бийлик органдары менен сүйлөшүп, Кыргызстандык фарм компаниялардын бирине COVID-19ду дарылоо үчүн муктаж болгон препаратты алууга көмөк көрсөтүштү”, - деп айтылат маалыматта.

Өзбекстандын Наманган шаарындагы заводунан чыккан “Гепарин” дарысы жергиликтүү фарм компанияга тапшырылып, эми өлкөдөгү дарыканаларга жеткирүү пландалууда.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanga-zbekstandan-10-mi-geparin-darysy-keldi



Добавить комментарий