Өзбекстан Кыргызстанга 50 кычкылтек концентратын, өпкөнү жасалма дем алдыруу 100 аппарат жөнөттү
Кыргызстанга Өзбекстандан гуманитардык жардам иретинде 50 кычкылтек концентраты жана 100 өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппарат жөнөттү. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Эки өлкө башчыларынын сүйлөшүүсүнүн натыйжасында Кыргызстанга коңшулаш Өбзек элинен гуманитардык жардам жөнөтүлдү.
Гуманитардык жүк өзүнө 50 комплект кычкылтектин мобилдик концентратын жана 100 даана инвазивдүү эмес өпкөнү жасалма дем алдыруу аппаратын камтыйт.
Жалпы салмагы 8 тонна болгон гуманитардык жүк авиакаттам аркылуу бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарды аткаруу менен жеткирилди.
Кыргыз Өкмөтү көрсөтүлгөн жардам үчүн терең ыраазычылык билдирди.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanga-zbekstan-respublikasynan-gumanitardyk-zhk-keldi
Добавить комментарий ×