Көздүн катарактасына бекер операция жасоого Кытайдан дарыгер-офтальмологдор келет

18 августа 2022 11:22 1011 Barometr
Поделиться в:
ok

Кытайдан Кыргызстанга күз айында көздүн катарактасына операция жасай турган дарыгерлер келет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Мындай маалымат, Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытайдын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнди кабыл алуу учурунда белгилүү болду.

Элчи үстүбүздөгү жылдын октябрь айында «Экспресс ден соолук» долбоорунун алкагында Кыргызстандын муктаж жарандарына көздүн катарактасына 550 операцияны бекер жасоого даяр кытайлык алдыңкы дарыгер-офтальмологдорунун Кыргызстанга келиши пландалып жаткандыгын билдирди. 

Жолугушууда Элчи Ду Дэвэнь кытай тарап кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункттарынын иш убактысын 2022-жылдын августунан 31-октябрына чейин 2 саатка узартуу чечимин кабыл алганын билдирди.

Мындан тышкары, кытай тарап эки өлкөнүн ортосундагы авиа каттамдардын санын көбөйтүүгө даяр экендигин билдирди (учурда эки жумада бир каттам бар). Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы аба каттамдарынын жыштыгын жумасына 3 жолкуга чейин көбөйтүү пландалууда.


Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanga-kzdn-kataraktasyna-beker-operaciya-zhasoogo-kytajdan-daryger-oftalmologdor-kelet



Добавить комментарий