Кыргызстанга Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев келди
Бүгүн, 2-сентябрда, Кыргыз Республикасына Казакстан республикасынын президенти Нурсултан Назарбаев келди.Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди. «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунда сыйлуу конокту Кыргыз республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов тосуп алды.
Нурсултан Назарбаев Кыргыз республикасына 2018-жылдын 3-сентябрында Чолпон-Ата шаарында өтө турган Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин VI саммитине катышуу үчүн келди.
Мындан тышкары, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев 2-сентябрда Ысык-Көл жээгинде өтө турган III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш салтанатына катышат.
Маалымдама: Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши – бул заманбап түрк мамлекеттерин бириктирген эл аралык уюм, анын негизги максаты мүчө-мамлекеттер аралык ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү болуп саналат. Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине мүчө-мамлекеттер катары Азербайжан Республикасы, Казакстан Республикасы, Кыргыз Республикасы жана Түркия Республикасы саналат.
Белгилесек, быйыл Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешиндеги төрагалык Казакстан республикасынан Кыргыз республикасына өтөт.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanga-kazakstandyn-prezidenti-nursultan-nazarbaev-keldi
Добавить комментарий ×