Кыргызстанга кар жаады. Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты

3 мая 2019 13:00 4811 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкекте бүгүн эртең менен абанын температурасы төмөндөп, саат 8де болгону +5 болду.  

Бишкекте саат 10:30да +6 градус, Токмокто +4, Ала-Арча -1 градус, Ысык-Көлдө +3, Байтикте +2 градуска чейин жылуулук болду.

Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты - 3-майда,  Кыргызстанда туруксуз аба ырайы күтүлөт, мезгил-мезгили менен жаан жаайт, тоолуу райондордо кар түшөт, тоо этектерине жаан-чачын катуу жаайт. Абанын температурасы төмөндөйт.Сел жүрүшү күтүлөт.

Бүгүн, 3-майда Чүй областына кар жаады.Социалдык тармактагылар бул боюнча видеолорду жүктөп жатат.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanga-kar-zhaady-kyrgyzgidromet-shashylysh-bildir-taratty



Добавить комментарий