Кыргызстанга чет элдиктердин келүүсүнө тыюу салуу сунушталды

17 марта 2020 11:22 716 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстанга чет элдиктердин келүүсүнө тыюу салуу сунушталды. Бул тууралуу коронавирустун жайылышынын алдын алуу жана аны болтурбоо боюнча республикалык штабдын башчысы, вице-премьер Алтынай Өмүрбекова маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда учурда коронавирус катталган учур жок, абал туруктуу. Ал андан сырткары обсервацияда жалпысынан 321 киши бар экенин айтты.

Өмүрбекова өз сөзүндө чет жактан келген жарандарды үч категория менен бөлүп карап жатышкан болсо, эми эки гана категория болорун айтты. Биринчи категорияга оору жуктургандардын саны миңден ашкан мамлекеттер. Бул өлкөлөрдөн келген жарандар сөзсүз түрдө 14 күнгө карантинге алынып, өзүнчө жайга киргизиле турганын белгиледи. Ал эми экинчи категорияга вирус жуктургандардын саны миң кишиге жетпеген мамлекеттер кирет.

“Чет өлкөлүк кишилерге Кыргызстанга кирүүгө тыюу салуу сунушталды. Ал эми жүк ташыгандарга эч кандай тыюу жок. Мындай кадамды көптөгөн мамлекеттер көрүп жатат. Биз дагы алдын алуу чарасын көрүүнү туура көрдүк. Чет элдиктердин Кыргызстанга келүүсүнө тыюу салуу өкмөттүн токтому менен кабыл алынат”, — деди ал.

Вице-премьер Өмүрбекова жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылганын кошумчалады.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanga-chet-eldikterdin-kelsn-tyyuu-saluu-sunushtaldy



Добавить комментарий