Кыргызстанга Бириккен Араб Эмираты коронавирус менен күрөшүүдө жардам берди
23-апрелде Эл аралык "Манас" аэропорту Etihad Airways авиакомпаниясынын коронавируска каршы күрөшүү боюнча жеке коргоочу каражаттар жана медициналык дары-дармектерди камтыган гуманитардык жүк менен келген учагын тосуп алды. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.
“Жардам көрсөтүү 2020-жылдын 6-апрелиндеги КР Президенти Сооронбай Жээнбеков менен Абу-Даби Мураскер-принци, Бириккен Араб Эмираттарынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы кол башчысынын орун басары шейх Мухаммед бин Заед Аль Нахайяндын телефон менен сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгында жетишилген келишимдин натыйжасында ишке ашты”, — деп айтылат маалыматта.
Соңку кабарлар боюнча Кыргызстанда коронавирус 631 кишиге жукканы расмий тастыкталды. Аны менен катар сегиз киши оорунун курмандыгы болду.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanga-birikken-arab-emiraty-koronavirus-menen-krshd-zhardam-berdi
Добавить комментарий ×