Кыргызстанга 40 миң доза «AstraZeneca» вакцинасы келди
Поделиться в:
Кыргызстанга Азербайжандан 40 миң доза «AstraZeneca» вакцинасы келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлаганын “Барометр” маалымдайт.
Жүктү тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров менен Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министринин статс-катчысы Жапаркул Ташиев тосуп алды.
Аталган дарылар гуманитардык жардам иретинде келген.
Азыркы учурда Кыргызстанда Sinopharm жана Sputnik V дарылары менен эмдөө иштери жүрүп жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanga-40-mi-doza-astrazeneca-vakcinasy-keldi
Добавить комментарий ×