Муфтият COVID-19га каршы эмдөө боюнча атайын фетва чыгарды

15 июля 2021 11:08 1371 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы COVID-19га каршы эмдөө боюнча өнөктүктү колдойт. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматынан кабарлашканын “Барометр” билдирет.

Дин кызматкерлери коронавирус пандемиясынын маалында көптөгөн кыргызстандыктар жакындары менен туугандарын жоготконун белгилейт.

“Дарыгерлердин айтымында, бул инфекцияга каршы алдын алуу чараларын кабыл алуу зарыл. Ал эми эмдөө бүгүнкү күндө COVID-19 вирусунан коргоочу жалгыз мүмкүндүк. Вакцинациянын зыяны жана пайдасы тууралуу медицина айтып жатат. Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин коронавируска каршы вакцинанын зыяны жоктугу тууралуу чечими бар жана исламдын принциптерине бул карама-каршы келбейт. Ошондуктан Ааалымдар кеңеши COVID-19га каршы эмдөө алууга каршы эмес”,-деп айтылат маалыматта.

 

Ссылка: https://barometr.kg/muftiyat-covid-19ga-karshy-emd-boyuncha-atajyn-fetva-chygardy



Добавить комментарий