Кыргызстанга 31 өлкөнүн жарандарына кирүүгө уруксат берилди
Кыргызстан чет мамлекеттин жарандарынын өлкөгө киришине уруксат бере баштайт. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын берген маалыматына таянып «Барометр» билдирет.
Ага ылайык, коронавирустун жайлышы басаңдаган жана эпидемиологиялык абал турукташканы байкалган 31 мамлекеттин тизмесин түзүлдү.
Алар: Орусия, Грузия, Азербайжан, Армения, Беларус, Казакстан, Түркмөнстан, Белгия, Австрия, Улуу Британия, Германия, Ирландия, Исландия, Италия, Латвия, Литва, Лихтенштейн, Люксембург, Португалия, Түркия, Швейцария, Швеция, Катар, Бириккен Араб Эмираттары, Кытай, Малайзия, Түштүк Корея, Пакистан, Словения, Кувейт жана Жапония.
Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штаб буга чейин тизме Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) жана Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) берген маалыматтар боюнча жаңыртылып турарын билдирген.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanga-31-lknn-zharandaryna-kirg-uruksat-berildi
Добавить комментарий ×