Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча курамасынын машыктыруучусу каза болду

23 января 2020 13:49 2160 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча курамасынын машыктыруучусу Виктор Борисов каза болду. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агентигинин маалымат кызматы билдирди.

Ал 83 жашта болчу.

Борисов машыктыруучулук ишмердиги учурунда Азиянын жана эл аралык марафондордун чемпиондорун тарбиялаган.

Ал Кыргызстандын курама командасынын машыктыруучусу болуп, Азия жана Олимпиада оюндарында оюнчуларды жетектеп барып келген.

Борисов Азия оюндарынын күмүш медалынын ээси Татьяна Борисованын жеке машыктыруучусу болгон. Андан сырткары көптөгөн чыгаан спортчуларды тарбиялап өстүргөн.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandyn-zheil-atletika-boyuncha-kuramasynyn-mashyktyruuchusu-kaza-boldu



Добавить комментарий