Кыргызстандын түштүгүндө 3,5 баллга жеткен жер титирөө болду
Поделиться в:
Кыргызстандын түштүгүндө 1-сентябрда саат 07:08де силкинүү очогундагы күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын сейсмология институтунан кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.
Жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын аймагында: Талдык айылынын түштүк-батышынан 3 чакырым, Тээке айылынын түндүгүнөн 3 чакырым, Алга-Бас айылынын түштүк-батышынан 5 чакырым, Ош шаарынын түштүк чыгышынан 43 чакырым жерде болгон.
Тээке, Лаглан, Талдык айылдарында жер титирөөнүн күчү 3 баллга сезилди.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandyn-tshtgnd-35-ballga-zhetken-zher-titir-boldu
Добавить комментарий ×