Кыргызстандын тасмасы эл аралык фестивалда сыйлыкка ээ болду

13 сентября 2021 18:35 642 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстандын “Кыял” деп аталган тасмасы 8-12-сентябрда Казакстандын Алмата шаарында өткөн BAIQONYR International Short Film Festival фестивалында сыйлыкка ээ болду. Бул тууралуу kyrgyzcinema булагына таянуу менен “Барометр” кабарлайт.

“Кыял” тасмасы кинематография департаменти менен «Айтыш-фильм» киностудиясынын колдоосу менен тартылган, 2020-жылы КМШ мамлекеттеринин Жаштар киносу форумунун улуттук конкурсун жеңип алган.

Сценарийдин автору жана режиссеру-Чыңгыз Самудин уулу, операторлор Анвар Бакыт уулу менен Мелис Абдибаитов, көркөм жетекчиси-Артыкпай Суюндуков.

BAIQONYR International Short Film Festival- Казакстан жана КМШнын кыска метраждуу фильмдерин таанытуу жана өнүктүрүү максатында уюштурулган эл аралык фестиваль. Бир жылда бир өткөрүлөт.  

 

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandyn-tasmasy-el-aralyk-festivalda-syjlykka-ee-boldu



Добавить комментарий