«Шамбала» тасмасы Испанияда өткөн кинофестивалда сыйлык алды

24 августа 2021 12:30 1044 Barometr
Поделиться в:
ok

Режиссер Артыкпай Суюндуковдун «Шамбала» көркөм тасмасы Испанияда өткөн "Imagine India Film Festival” эл аралык фестивалында “Эң мыкты оператордук иш” сыйлыгын алды. Бул тууралуу Төлөмүш Океев атындагы «Кыргызфильм» улуттук киностудиясынан кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.

“Шамбала” тасмасы Чыңгыз Айтматовдун «Ак кеме” повестинин негизинде тартылган.

Картинаны Төлөмүш Океев атындагы «Кыргызфильм» улуттук киностудиясы «Айтыш Фильм» киностудиясы менен биргеликте тарткан.

Ссылка: https://barometr.kg/shambala-tasmasy-ispaniyada-tkn-kinofestivalda-syjlyk-aldy



Добавить комментарий