ТИМ: Түркияда элчиликте каттоодо турбаган кыргыз жарандарынын туугандарын байланышууга чакырабыз
Түркиянын жер титирөө болгон аймагында жашап, иштеп жүргөн кыргызстандыктардын туугандарын тышкы иштер министрлиги байланышып коюуга чакырды. Бул тууралуу ТИМдин маалыматына таянып “Барометр” билдирет.
Маалыматта, Түркияда жүргөн Кыргызстандын көптөгөн жарандары элчиликте жана консулдук мекемелеринде консулдук каттоодо турбагандыгына байланыштуу, мекендештердин ал-акыбалын билүү мүмкүн болбой жатканы айтылат.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги болжол менен Түркиядагы жер титирөө болгон аймактарда (Кахраманмараш, Хатай, Османийе, Адыяман, Диярбакыр, Шанлыурфа, Газиантеп, Килис, Адана, Малатья, Газиантеп, Мерсин) жүргөн КР жарандарынын туугандарын Кыргызстандын Түркиядагы дипломатиялык мекемелерине өздөрүнүн туугандарынын маалыматтарын жана байланыш телефондорун, ошондой эле жакындарынын эсебин алуу, алар менен байланыш түзүү мүмкүнчүлүгү үчүн төмөнкү телефондорду сунуштайт:
Кыргызстандын Түркиядагы Элчилиги (Анкара): +90 545 6896800, +90 312 4913506, + 90 312 4913507;
Кыргызстандын Анталиядагы Башкы консулдугу:
+90 546 5570471, +90 534 8388551;
Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу:
+90 535 1077212, +90 212 2356767, +90 212 2353737;
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин консулдук департаменти: +996 999 312002.
Добавить комментарий ×