Кыргызстандын Кореядагы мурдагы элчисине кандай айыптоолор коюлуп жатат? Жана ага элчинин жообу…
Кореянын Сеул шаарындагы аэропорттон чыр чыгарып, учактан түшүрүлгөн Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин орун басары Зууракан Каденованын окуясы калың журтка Түштүк Кореядагы кыргыз элчиси Кылычбек Султанов тарабынан дагы тастыкталган соң, Коопсуздук комитети Түштүк Кореядагы кыргыз элчилигинен дагы кызматтык бузуулар табылганы кечээ, 11 октябрда, жарыяланган.
Коюлган ар бир айыпка Кылычбек Султанов өзүнүн Фейсбук баракчасына төмөндөгүчө жооп калтырды.
- Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы Элчилигинде өндүрүштүк практика өтүү үчүн Кыргызстандын жарандарын ТИМ макулдугу жок кабыл алышы жашыруундуулук режимин бузуу болуп саналат.
Кылычбек Султанов: Жумушчу күч жетишпегендиктен 2016-жылга чейин сырттан студенттерди же башка жарандарды практикага алуу Кыргыз элчиликтеринде 100% колдонулуп келгени кадимки көрүнүш болгон. Бирок бул деген "жашыруун документтерди алардын колуна карматып коюу" дегенди түшүндүрбөйт. 2016-жылда ТИМдин ориентировкасы менен мындай практика токтотулган.
- Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы Элчиси кызматынан бошотулгандан кийин К.Султан жана анын үй-бүлө мүчөлөрү Малайзиянын ТИМине 2019-жылдын февралына чейин жарактуу болгон «аккредитациялык карточкасын» өткөрүп бербегендиги дагы белгиленген тартипти бузуу болуп эсептелет.
Кылычбек Султанов: - Ал карталарды эч качан менден эч ким сураган дагы эмес. Өзүм Кореяда Элчи болгондуктан мага дагы алардын эч кандай пайдасы да, кереги да жок. Ошондуктан ал карталарды Бишкекте калтырган боюнча эстеген да эмесмин. Ошол карталарды алып койбогондугу үчүн министр Эрлан Абдылдаев менен чогуу жоопкерчилик тартууга даярмын.
- 2018-жылдын февраль айында К.Султан «Фейсбук» социалдык тармагындагы жеке баракчасында жана дагы бир веб-сайтта Тышкы иштер министрлиги менен Элчиликтин кат жазышуусун жайгаштырып, ал тургай ТИМ Элчиликке тапшырмасынын фотокөчүрмөсүн кошо тиркеген. Мунун өзү мамлекеттик кызматтагы расмий документтер менен иштөөдөгү иш ченемдерин бузуу жана жол бергис иш болуп саналат.
Кылычбек Султанов: - "Биринчиден, документтин бир чети гана жарыяланса аны документ деп айтууга болбойт. Экинчиден, ал аракетим менен мен мамлекетке пайда алып келдим. Мыйзамсыз буйрук берүүнүн өзү - мыйзам бузуу болуп саналат. Мен андай мыйзамсыз буйрукту ашкерелөө менен, мамлекеттин акчасын үнөмдөп, элибизге пайда алып келдим".
- Кыргызстандын Кореядагы Элчиси кезинде К. Султан КР ТИМи менен макулдашпай туруп, Малайзияга жеке иштери менен каттаган.
Кылычбек Султанов: - Жалган. Жеке иштериме, ден соолугума байланыштуу Малайзияга барган учурумда акы төлөнбөгөн өргүү алып, КР ТИМине убагында маалымдаганмын.
- «Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызмат жөнүндө» мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын чет элдеги мекемесинин кызматкери жолдошу менен узак убакытка чет мамлекетте иш сапарларда болсо, анын бир айлык акысынын 30 пайыздык ченеминдеги акчалай каражат айлыгына кошумча төлөнөт. Текшерүүнүн жүрүшүндө К. Султандын жубайынын Кореяда Элчи менен чогуу жашагандыгын тастыктоочу документтер алынган эмес. Буга карабастан КР ТИМи 2018-жылы Элчинин жубайын кармоосу үчүн 6,5 миң доллардан ашык өлчөмдөгү каражатты негизсиз төлөп берген.
Кылычбек Султанов: - Карандай жалган! Аялымдан "Чогуу жашап жатабыз" деген справка алып келип берейинби? Кореяга киргенде паспортко мөөр басылбайт.
- . Мындан тышкары КР Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча К. Султан мамлекеттик кызматта иштеп туруп, бир эле учурда «Супер», «Супер кроссворддор», «Супер сканворддор» гезиттери чарбалык субьектилеринин жетекчиси болгон.
Кылычбек Султанов: - Аталган гезиттер эч качан чарбалык субъект болгон эмес. Аталган гезиттер 10 жылдан бери 1 да жолу жарык көргөн эмес. 10 жылдан бери иштебеген, жарык көрбөгөн гезиттерден менин атымды чыгарып салбаганы үчүн КР Юстиция министрлигин жоопко тарткыла. Аталган гезиттердин юридикалык ээсин жоопко тарткыла.
Бул айыптоолорду бири чын десе, бири жалган дейт. Элчинин президентке болгон кайрылуусунда президентке маалымат толук жетпей жаткандыгын жана өзүн, президенттик аппараттын башчысы Досалы Эсеналиевди жана тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди кызматтан убактылуу четтетүүнү өтүндү.
Добавить комментарий ×