Кыргызстандын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт
Поделиться в:
Бүгүн, 13-августта Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда 25-30;
Талас жергесинде 22-27;
Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында 28-33;
Ысык-Көл дубанында 20-25;
Нарын облусунда 19-24 градус болот.
Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын температурасы 27-29° болот.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandyn-kee-bir-rajondorunda-zhaan-chachyn-katuu-zhaajt
Добавить комментарий ×