Кыргызстандын Казахстандагы элчиси БУУнун өкүлү менен Афганистандагы абалды талкуулады

30 ноября 2018 12:42 1115 Barometr
Поделиться в:
ok

2018-жылдын 29-ноябрында Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Жээнбек Кулубаев БУУнун качкындар маселеси  боюнча Борбордук Азиядагы аймактык өкүлү Ясуко Ода айым менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министирлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуу учурунда Ясуко Ода айым өзүнүн Борбордук Азиядагы ишмердиги, өзгөчө Кыргызстандагы мамлекеттик органдар менен качкындар маселеси боюнча жүргүзгөн иштерин тааныштырды. Эки тарап кезигишүү учурунда Афганистандагы жана региондогу абал боюнча ой алмашышты.

Кулубаев Алматы шаарындагы БУУнун качкындар маселеси боюнча аймактык офиси менен байланышта болуп, алардын Кыргызстандагы иштерине жардам көрсөтүүгө кызыктар экенин билдирди.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandyn-kazahstandagy-elchisi-buunun-kl-menen-afganistandagy-abaldy-talkuulady



Добавить комментарий