Кыргызстандын эки вертолету менен бир учагы чет жакка ижарага берилген
Поделиться в:
Жарандык авиациялык агенттигинин директору Курманбек Акышев Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, Кыргызстандын эки вертолету менен бир учагы чет жакта ижарада экенин айтты.
“Эки вертолет арендада болчу. Алардын сертифкаты бүтүп жаткандыктан бизге жакында кайрылып келет. “Эйр Кыргызстандын” Боинг учагы мурда эле арендады болчу. 2015-2016-жылдары эле берилген экен”, — деди ал.
Акышев аталган “Боинг” учагы жарандык авиациянын балансынан чыгарылып, компаниянын балансында калганын кошумчалады.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandyn-eki-vertoletu-menen-bir-uchagy-chet-zhakka-izharaga-berilgen
Добавить комментарий ×