Кыргызстандын чек арачылары күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат
Поделиться в:
Кыргызстандын чек арачылары кызматтын күчөтүлгөн режимине өттү. Бул тууралуу мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, 12-сентябрда Баткен районун Бакай жана Исфара районунун Тожикон айылдарынын ортосунда жаңжал чыккан. Анын себеби коңшу мамлекеттин жашоочулары тарабынан суу түтүгүн куруу болду. Ошол эле күнү эки өлкөнүн чек ара кызматынын өкүлдөрү жолугуп, аталган айылдардын жашоочулары арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Ал эми курулуш иликтөө аяктагыча токтотулду.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandyn-chek-arachylary-kchtlgn-tartipte-ishtep-zhatat
Добавить комментарий ×