Кыргызстандык окуучу менталдык арифметика боюнча Эл аралык Олимпиаданын чемпиону болду
Минск шаарында өткөн менталдык арифметика боюнча Эл аралык Олимпиадага Бишкек шаарынын №13 мектебинин окуучусу Артем Меркин катышты. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти билдирди.
Аталган иш-чарага мекендешибизди колдоо максатында Кыргызстандын Белорусиядагы Элчилигинин өкүлдөрү да катышты.
Олимпиадага Кыргызстан, Белорус, Россия, Казахстан жана Кытай мамлекеттеринен 100 дөн ашык окуучулар катышты. Анын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын өкүлү Артем Меркин эӊ жогорку балга татыктуу болуп, «Супер чемпион» наамын утуп алды.
Ошондой эле Кытай жана Чыгыш Европа боюнча маданият жана билим боюнча Борбордун Ардактуу Грамотасына татыды. Андан тышкары, кыргызстандык окуучу Олимпиаданын көнүл ачуучу программасына катышып, анда Кыргызстандын тууралуу видеороликти көрсөтүп, кыргыз улуттук кийимин кийип, кыргыздын добулбас аспабында ойноп жатып, бир эле мезгилде экрандагы сандарды кошуп чыгарып, катышуучуларды таӊ калтырды.
Артем Меркин Кыргызстанда, Түркияда, Россияда, Казахстанда, Белоруста, Малайзияда өткөн металдык арифметика боюнча эл аралык 13 олимпиаданын катышуучусу жана жеӊүүсү.
Кыргызстандын Белорусиядагы Элчилиги Артемдун жеӊиши менен куттуктайт жана мындан аркы бийиктерди багындыра беришине тилектеш.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandyn-belorusiyadagy-elchiligi-artemdun-zheishi-menen-kuttuktajt
Добавить комментарий ×