Кыргызстандын аймагында абал туруктуу
Республиканын аймагында абал туруктуу жана толук көзөмөлдөө . Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Кыргызстандын аймагында абал туруктуу жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан толук көзөмөлдөнүп жатат. Ал эми, өлкөдө түзүлгөн кырдаалга байланыштуу ички иштер органдарынын кызматкерлери башка укук коргоо органдары менен бирге кылмыштарды аныктоо, бөгөт коюу жана бетин ачуу боюнча иштерди жүргүзүп жатышат.
Республика боюнча 2-ноябрга карата Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 214 кылмыш, 150 жоруктар каттоого алынган. Кылмыштарды жана жоруктарды тыкыр иликтөө үчүн тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат. Ошондой эле, ички иштер органдарынын кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ыктыярдуу элдик коошундар менен биргеликте коомдук тартипти сактоону камсыздоо боюнча алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүдө.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandyn-ajmagynda-abal-turuktuu
Добавить комментарий ×