Кыргызстандыктардын эмнеден көп каза болору айтылды
Кыргызстанда 2021-жылдын 5 айында 14 миң 638 адам каза тапкан. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен кабарлашканын “Барометр” билдирет.
Жалпы каза тапкандардын арасында кан айлануу системасынын оорусунан каза тапкандар 7 752 адам, шишик оорусунан каза тапкандар 1620 адам, өлүмдүн тышкы себептеринен улам каза болгондор 1051 адам, тамак-сиңирүү органдарынын оорусунан каза тапкандар 787, дем алуу органдарынын оорусунан каза тапкандар 673 болгон.
Ошондой эле коронавирустан 597 адам, перинаталдык мезгилде пайда болгон оорулардан 591, жугуштуу оорулардан 240, тубаса аномалиядан 202, эндокриндик оорулардан, зат алмашуунун бузулушунан 189, нерв системасынын ооруларынан 176, заара бөлүп чыгаруу системасынын ооруларынан 141, сөөк-булчуң системасынын ооруларынан 23, кан ооруларынан 19, кош бойлуулуктан, төрөттөн-17, психикалык бузулуулардан 13, тери ооруларынан 12 адам каза тапкан.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandyktardyn-emneden-kp-kaza-boloru-ajtyldy
Добавить комментарий ×