Видео. Кыргызстандык футболчу Муролимжон Ахмедов Мессинин стилинде гол киргизди

31 декабря 2019 23:34 19189 Barometr
Поделиться в:
ok



Кыргызстандын улуттук курамасынын футболчусу Муролимжон Ахмедов өзүнүн Бангладештеги “Саиф Спортинг” клубу үчүн кезектеги голун киргизди. Футболчу голун өлкө кубогунун жарым чейрек финалында “Бангладеш Полис” клубуна киргизди. Бул тууралуу футболчу өзү “barometr.kg” сайтына билдирип, голдун видеосун жиберди. Муролим стандарттык айып тобун тосмонун (стенка) үстүнөн тээп киргизди. Гол Барселонанын капитаны, аргентиналык чабуулчу Лионель Мессинин стилинде болгон.

Видеодо жарым коргоочу топту тебээрде тосмонун жанына өзүнүн футболчуларын да тургузуп жатканын көрүүгө болот. Муролимжон бул боюнча биздин сайтка комментарий берди.

Мен тосмонун четине өзүбүздүн футболчуларды да тургуздум. Дарбазачы тосмону коюп, калган ачык жагынан өзү топтун каятан тебилишин байкап турат. Мен дал ошол ачык турган жерге шериктеримди тургузуп, дарбазачынын алдын жаптым. Анткени тебилген топ кайсыл жактан келээрин дарбазачы көрбөй калышы керек. Бул план ишке ашты”, - деди Муролим Ахмедов.

Кыргызстандык футболчунун бул голу атаандаш 3:0 эсебинде утуп турган тушта болду. Беттеш 3:1 эсеби менен аяктап, “Бангладеш Полис” клубу жарым финалга чыкты.

Эскерте кетсек, “Бангладеш Полис” клубунда да кыргызстандык футболчулар Артур Муладжанов менен Айдар Мамбеталиев ойнойт.

Муролим Ахмедов Бангладештин “Саиф Спортинг” клубуна ушул жылдын ноябрь айында, 1 жылдык келишим менен өткөн.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandyk-futbolchu-murolimzhon-ahmedov-bangladesh-kubogunda-messinin-stilinde-gol-kirgizdi



Добавить комментарий