Кыргызстандык альпинист Ленин чокусунан түшүп келе жатып кар басып каза болду
Кыргызстандык альпинист Семен Дворниченко жана россиялык Наталья Чионованы Памир тоолорундагы Ленин чокусунда жайгашкан 3-лагерден түшүп келе жатканда кар көчкү басып калган.
Альпинисттин жоголуп жаткандыгы тууралуу маалымат 28-июлда келип түшкөн. Берилген маалыматка ылайык, Семен Дворниченко жанындагы Наталья Чионова менен аба ырайы жакшы болбогон учурда чыгып кетишкен. Издөө иштери жүрүп Натальянын жансыз денесин 30-июлда дрондун жардамы менен табышкан. Ал эми Семендун денеси табылган жок.
Альпинисттин артында 3 баласы калды.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandyk-alpinist-lenin-chokusunan-tshp-kele-zhatyp-kar-basyp-kaza-boldu
Добавить комментарий ×