Кыргызстандык 25 жаштагы айдоочунун сѳѳгү мекенине жеткирилет
5-ноябрда Ленинград облусунун Всеволожск районундагы жол кырсыгынан каза болгон кыргызстандык айдоочунун денеси Кыргызстанга, тактап айтканда Ош шаарына жеткирилет. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.
«Маркумдун денеси бүгүн, 5-ноябрда Санкт-Петербургдан Ош шаарына жеткирилет», - деп айтылат маалыматта.
Буга чейин Ленинград облусунда болгон жол кырсык тууралуу кээ бир басылмалар Россиянын ИИМнин Санкт-Петербург жана Ленинград облустары боюнча башкы башкармалыгына шилтеме берүү менен жазган болчу.
Болжолдуу маалымат боюнча, 1-ноябрда саат 02:15 чамасында 60 жаштагы айдоочунун башкаруусундагы «Сузуки Гранд Витара» унаасы жолдун каршы тилкесине чыгып, «Шкода Октавия» менен кагышкан.
Жол кырсыктын кесепетинен «Шкода Октавиянын» айдоочусу — Кыргызстандын 25 жаштагы жараны (Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну) ошол жерде каза болгон. Ал эми биринчи унаанын айдоочусу жана жүргүнчүсү оор жаракат алган.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandyk-25-zhashtagy-ajdoochunun-sg-mekenine-zhetkirilet
Добавить комментарий ×