Кыргызстандагы сөз эркиндигинин өнүгүшү Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунда талкууланды

15 февраля 2019 17:04 1061 Barometr
Поделиться в:
ok

2019-жылдын 14-февралында Кыргыз Республикасынын Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмундагы (ЕККУ) Туруктуу өкүлү Бакыт Джусупов ЕККУнун сөз эркиндиги боюнча өкүлү Арлем Дезир менен жолугушту. Бул тууралуу КРнын тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлады.

Жолугушууда тараптар Кыргыз Республикасындагы сөз эркиндигинин өнүгүү маселелерин талкуулашты. ЕККУ өкүлү Арлем Дезир 2018-жылдын декабрында өзүнүн "Борбор Азиялык соттордун диалогунун" биринчи аймактык жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга жасаган иш сапары тууралуу бѳлүштү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасынын позитивдүү деп бааланган сөз эркиндигинин жана массалык маалымат каражаттарынын ѳнүгүүсү тууралуу кеп салышты. Мындан тышкары, 2019-жылы Кыргыз Республикасында ѳтѳ турган биргелешкен иш-чараларды, анын ичинде ЕККУнун Борбор Азия медиа конференциясын камтыган пландарды кеңири талкуулашты.

Кыргыз Республикасынын Туруктуу өкүлү Бакыт Джусупов Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өлкөдөгү сөз эркиндигин бекемдөөгө зор маани берээрин жана мындан ары да ЕККУнун маалымат каражаттарынын эркиндиги боюнча өкүлдѳрү менен кызматташууга даяр экендигин билдирди.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandagy-sz-erkindiginin-ngsh-evropa-koopsuzduk-zhana-kyzmattashtyk-uyumunda-talkuulandy



Добавить комментарий