Өзбекстанда Шавкат Мирзиёевге сын айткандар эми 5 жылга чейин эркиндигинен ажыратылат

1 апреля 2021 10:47 3874 Barometr
Поделиться в:
ok

Өзбекстанда президент Шавкат Мирзиёевди кемсинтип, ага жалаа жапкандарга карата чара көрүлүүчү мыйзамга толуктоолор киргизилди. Бул тууралуу  Өзбекстандын Юстиция министрлигинин сайтына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалыматта, телеканалдар, ар кандай интернет булактары аркылуу Өзбекстан Республикасынын президентин ачыктан-ачык кемсинтүү же жалаа жапкандар 3 жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына тартылып, же эркиндигинен 2 жылдан 5 жылга чейин ажыратылары айтылат.

Өзбекстанда буга чейин, басылмалар же башка маалымат каражаттарын колдонуп, президенттин дарегине сын-пикир айткандарга карата жоопкерчилик бар болчу.

Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Ссылка: https://barometr.kg/zbekstanda-shavkat-mirziyoevge-syn-ajtkandar-emi-5-zhylga-chejin-erkindiginen-azhyratylat



Добавить комментарий