Кыргызстандагы медициналык уюмдарга 49 тез жардам унаалары берилди

25 декабря 2020 16:34 1356 Barometr
Поделиться в:
ok

Жаңы жылдын алдында жагымдуу кабар. Өлкөнүн медициналык уюмдарына 49 ыкчам медициналык жардам көрсөтүү унаалары ташырылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Өлкөдөгү медициналык уюмдарга таратылган 49 тез жардам унаасынын 37си “Соболь” жана “Газель Некст” үлгүсүндөгү атайын техника “Коопсуз шаар” долбоорунан түшкөн каражатка, 12 “Форд Транзит” үлгүсүндөгү жасалма дем алдыруучу аппарат орнотулган 12 реанимобиль Ислам өнүктүрүү банкынын каржылоосунда алынган. Жаңы техниканы тапшыруу аземи Өкмөт үйүнүн алдында болуп, саамалык КР Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин катышуусунда өттү.

КР Саламаттык сактоо министрлигинин чечими менен Чүй облусуна 7, Баткен облусуна 4, Ысык-Көл облусуна 6, Ош облусуна 10, Жалал-Абад облусуна 4, Талас облусуна 2 жана Нарын облусуна 3 “Соболь” жана “Газель Некст” үлгүсүндөгү тез жардам унаалары бөлүндү.

12 реанимобилдин алтоо Бишкек шаардык ыкчам медицина борборуна, экөө Ош шаардык ыкчам медицина борборуна, экөө Санавиацияга, бирөө Талас аймактык ооруканасына жана Ош облустар аралык бириктирилген клиникалык ооруканасына бир реанимобиль бөлүндү.

КР Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда жакынкы убакта дагы 60 тез жардам унаасын алуу пландаштырылууда.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandagy-medicinalyk-uyumdarga-49-tez-zhardam-unaalary-berildi



Добавить комментарий