Кыргызстандагы коронавирус: илдет жуккандардын саны 1037 болду
Поделиться в:
12-майга карата бир суткада республика боюнча коронавирустун жаңы 21 учуру катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат жыйында билдирди.
Ага ылайык, жаңы катталган учурлар төмөнкү аймактарда табылган.
Бишкек ш. – 10
Чүй облусу - 1
Жалал-Абад облусу - 3
Нарын облусу - 7.
Ошентип жалпы 1037 кишиге коронавирус жукканы ырасталды. Ошол эле маалда 709 киши ооруканадан айыгып чыкты.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandagy-koronavirus-ildet-zhukkandardyn-sany-1037-boldu
Добавить комментарий ×