Кыргызстандагы коронавирус: бир суткада жаңы 7 учур аныкталып, илдет жалпысынан 1044 кишиге жетти
Поделиться в:
Кыргызстанда бир суткада коронавирустун жаңы 7 учуру катталып, жалпы оору жуккандардын саны 1044кө жетти. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат жыйында билдирди.
Жаңы катталган жети учур төмөнкү аймактарда табылган:
Чүй облусу - 5
Ош облусу - 1
Нарын облусу - 1.
Ошол эле учурда 726 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Бул көрсөткүч ооругандардын сананы караганда айыккандар дээрлик 70 пайызды түзөрүн министрдин орун басары маалымдады.
Добавить комментарий ×